區域簡報

Тайган жарышта кыргыз тайганы биринчи орунду ээледи

Талас облусунун Кара-Буура районунун Үч-Булак айылынан чыккан кыргыз тайганы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстандын атынан жарышка катышып, биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу тайгандын ээси Асылбек Козугулов билдирди. Анын айтымында, Жебе…

WhatsApp Image 2026-09-04 at 13.58.03.jpeg
圖片來源 · Kabar
查看原始報道

內容保持發布機構的原始語言,並保留來源標示及原始報道連結

原文正文

Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районунун Үч-Булак айылынан чыккан кыргыз тайганы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Өзбекстандын атынан жарышка катышып, биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу тайгандын ээси Асылбек Козугулов билдирди.

Анын айтымында, Жебе аттуу тайган эки жарым жашта. Ал кичинесинен бери аңчылыкка үйрөтүлүп, жарыштарга даярдалып келет.

Козугуловдун белгилешинче, Жебе бул мелдеште 400 метр аралыкка чуркаган. Ал тайган багууну ата-бабадан калган салт катары баалай турганын белгиледи.

Козугулов үчүнчү орунду да Өзбекстандын атынан чыккан кыргыз тайганы ээлегенин маалымдады. Ал эми экинчи орунду Талас облусунун Бакай-Ата районунан келген тайган ээлегени белгиленди.

來源說明

內容保持發布機構的原始語言,並保留來源標示及原始報道連結

查看原始報道