
內容保持發布機構的原始語言,並保留來源標示及原始報道連結
原文正文
Ысык-Көл , 04.09.26. /Кабар/ . VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Кыргызстан менен Россиянын курама командаларынын беттеши жыйынтыкталды.
"Көк бөрү" аренасында өткөн оюнда Кыргызстандын курама командасы Россияны 16:5 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алдым.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
" Кабар " маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
" Кабар " 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.
內容保持發布機構的原始語言,並保留來源標示及原始報道連結
查看原始報道↗