
內容保持發布機構的原始語言,並保留來源標示及原始報道連結
原文正文
Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Экономика Кыргызстан – Пакистан өнөктөштүгүнүн негизги таянычы болууга тийиш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен биргеликте ЖМКлар үчүн билдирүү жасаганда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, тараптар өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү, соода номенклатурасын кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу боюнча системалуу кадамдарды жасоону макулдашты.
“Биз фармацевтика, айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, туризм, санариптик экономика, виртуалдык активдер жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгыбызды билдирдик.
Сүйлөшүүлөрүбүздө транспорт жана логистика өзгөчө орунду ээледи. Пакистандын деңиз порттору Кыргызстан үчүн Түштүк Азиянын рынокторуна, андан ары дүйнөлүк соода жолдоруна чыгуучу табигый жол болуп саналат.
Өз кезегинде Кыргызстан Пакистан үчүн Борбордук Азиянын рынокторуна жана андан ары кеңири евразиялык мейкиндикке чыгуучу маанилүү транспорттук көпүрөлөрдүн бири боло алат.
Энергетика тармагында дагы өз ара аракеттенүүнү улантабыз. Борбор Азиянын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн Түштүк Азиянын өсүп жаткан керектөөлөрү менен байланыштырган CASA-1000 долбоору өзгөчө мааниге ээ.
Биз бул багытта дагы кызматташууну күчөтөлү деп макулдаштык”, - деди Садыр Жапаров.
內容保持發布機構的原始語言,並保留來源標示及原始報道連結
查看原始報道↗